Таза ойлор Так сөздөр - страница 99



Кандай кыйынчылык, жетишпестик болсо да “Оо бул байлыктын башталышы, жетишпеген жашоодон чыгып, бай жашоого кирип баратам!” –деген позитивдүү ой ар бир адамды жетишкен жашоого улайт. Өзүңдү бай сезүү менен байлыктын толкунуна уланасың. Себеби, сен Ааламга “Мен акчанын ээсимин!” – деген энергияны чачыратып жатасың.

Адамдарга үчүн күлкүлүү бир көнүгүү жасап көр. Күнүгө ар кандай цифраларды жазып “Менин акчам ушунча болуп көбөйүп калды!”– деп сезимиңди жакшырт. Себеби, мээ чын же жалган экенин ажырата албайт, ал көргөнүн ишке киргизет. Эгерде, карыз болсоң, сен ал цифраны жазгын дагы, менин “пайдам” ___ ушунча болуп көбөйүп жатат деп кызыл пасталуу ручка менен жазып, сезимиңде сезип көр. Ошондо, менин “пайдам көбөйүп, күндөн күнгө байып жатам” деген сезим көбөйүп бара-бара пайданын толкунуна уланууга өзүңдү үйрөтөсүң, оюң карызды ойлонбой, пайданы ойлой баштайт. Жакшысы колуңда бар акчаны сана. Карыз экендигиңди унутуп, өзүңдү пайдаң көбөйүп жаткандай бай сезезиң, оюңда акчаң көбөйөт. Мээң кубанычтын гармондорун бөлүп чыгара баштайт. Бул адамдын психикалык энергиясынын алкагын өзгөртөт. Ошентип сен, “карызмын” деген сезимден кутулуп, ордуна “пайда алуу же байып жатам” деген сезимге уланасың.

Адам эмнени “кабыл ала албаса, эмнеге каршылык көрсөтсө”, “эмнеден корксо” дал ошол нерсени күчтөндүрүп, нур берет, жыйынтыгында кайра эле көп өлчөмдө ошол эле нерсени өзүнө көбөйтүп кошуп алат. Б.а. ал нерсе болгону көбүрөөк өлчөмдө турмушуңда пайда болот, себеби, сигнал ошол толкунга нур берди, каналга уланды жыйынтыгы “дал ошол каалабаган нерсе көбүрөөк өлчөмдө жашооңдо пайда боло баштады, же турмушка ашты”. Эмне үчүн? Себеби, сенин телевизоруң 1-чи каналда турса, аны башка каналга бурмайынча колуңду тийгизбесең өзү эле өтүп кетпейт да туурабы? Ал үчүн сен оюңду, көңүлүңдү (пультуңду) башка каналга бурушуң керек.

Ошондуктан “карыз болбо” деген сөздүн ордуна, “Мага эмне керек?” деген суроого: “Мен кантип бай болуп кеттим?” же “Мен кантип карызымды тез арада төлөп койдум?” деген суроо эффективдүү болот. Себеби, адам мээси кандай суроо берсең ошого жооп издейт, интернет аркылуу суроо берген сыяктуу, кандай суроо берсең ошого жараша жооп аласың. Карызың көп болсо да, “Карызымды кантип төлөп койдум?”, “Карыздан катип кутулуп кеттим?” “ Мен кантип байып кеттим!” же “Мен баймын!” – деген суроону үнүңдү чыгарып же күлүп айтып, Жаратканга жөнөтүп көр. Күлкү менен айтылган нерсе эмоцияны күчөтөт. Ошондуктан көпчүлүк шылдың кылып, күлгөн убакта терикпе, алар сенин каалоңду аткарууга жардам берип жатат. Ошон үчүн бирөө сенин кыялданганыңа күлгөндө терикпестен анын пайдалуу жагына көңүл бөлүп үйрөн. Өзүң агы көбүрөөк күлгөнгө үйрөн. Күлкүң келбесе бир стаканга суу куйгандай кылып 7 түстүү нурду элестетип куюп, сок ичкендей кылып ичип туруп жалгандан болсо да ХА– ХА-ХАлап күл. Көңүлүң ачыла түшөт. Мээнин энергетикалык толкуну заматта өзгөрөт, эндорфин, мелатонин, сератонин бөлүнө баштайт. Каалаган максатың тезирээк аткарылат.

Ал эми, эмоция каалаган нерсени материалдашыруунун ачкычы. Ошентип бара-бара байлыктын нуруна уланасың. Бир жолу уланган нерсе ал түбөлүктүү эмес. Жашоонун сыры ал сезимди ар дайым кайталап, ага туруктуу уланып алууда. Ал үчүн кубанычты көбөйтүү керек.Ар кандай убакта күлкүлүү көрүнгөндөн коркпо. Күлкү жашоонун мүлкү, сенин материалдык акыбалыңа чоң салымын кошооорун ар дайым эсиңде сакта. Кайгырсаң кайгың көбөйөт, сүйүнсөң ден соолугуң жакшырат. Кубанычтуу сезим аркылуу мээде сератонин бөлүнүп чыгат да адамдын энергетикасы жогорку кубаттулуктагы нурдун толкунуна уланат. Ал үчүн курсакты дагы кубантуу керек, каалаган нерсеңди жегенге үйрөн. Себеби сератониндин көпчүлүгү ичегиге түшкөн тамактын сапатына жараша бөлүнөт. Кубанычтын толкуну “Өзүн өзү өлтүрүү” программасын өчүрөт. Өзүңдү өзүң сүйүү менен өмүрүңдү узартасың, өзүңдү өзүң сактай аласың. Канчалык кубанган сайын карыздан чыгуунун жолдору табылып, жаңы идеялар, ойлор келе баштайт. Тиешелүү иш аракет кылсаң, ар кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, карыздан тез чыгып кетүүгө жол ачылат. Ошон үчүн “Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!” –деп ишенип өзүңө өзүң сактоочу бекем чеп куруп бар.