Таза ойлор Так сөздөр - страница 97
Сезимиң кандай болду?
Ичтеги бук болгон нерсең сыртка чыгып, дем алуу жеңилдей түштүбү? Баардык коркунучтар, кыжаалатчылыктар, таарынуулар, нааразычылыктар денеден чыгып кетти. Эми сен алардан бошсуң. Эмнени каалайсың ошол жөнүндө ойлон. Антпесең дагы жаман ойлор келе баштайт. Көңүлүңдү өзүңдү сүйүндүрө турган нерсеге буруп үйрөн.
Көңүлүң ачылдыбы? Ойлоп жаткан, жүрөк өйүгөн проблемалар, тамагыңдагы кысып турган нерсе чыгып кеткендей болдубу? Кадимкидей төбөңдөн бирөө жогору тарткандай сезимди байкадыңбы? Омурткаң түздөлө түштүбү? Көкүрөгүңдө кандай сезим пайда болду? Денеңде жылуу сезим пайда болуп, жеңилдик байкалдыбы? Ойлогон оюң таркап, бүтпөгөн ишиң бүтүп калгандай сезим болдубу? Эми көңүлүң ток болуп, жашагың келе баштадыбы?
Эмне үчүн андай болду деп ойлойсуң? Себеби, дем алуу дем чыгаруу менен энергияны кыймылга келтирдиң. Мээнин ичиндеги кислород жетпей жаткан жерлерге кислород барды, мелатонин, сератониндин бөлүнүп чыгышы көбөйдү. Денеде кубанычтуу сезим пайда болду. Ал эми, сүйүнүчтүү сезим пайда болгондо эмоциянын нуру жогорулайт. Кайсыл эмоцияң учур чакта күчтүүлүк кылса ошол жашоону жаратасың.
Мына ушундай тартипте ар бирибиз “учур чак менен жашоого” өтөбүз жана учур чакта жашоону үйрөнөбүз. Ошентип тез арада жаман ойдун каналынан жакшы ойлордун каналына өтсө болот. Ошон үчүн өзүңдүн акыбалыңа көңүл бөл.
Туура дем алуу бир эле физикалык денени калыптандырбастан, ички дүйнөнү, башка көзгө көрүнбөгөн энергетикалык нур жипчелер, денелер менен болгон байланышты да калыптандырат.
Жашоонун сыры: Ички дүйнөңдө бар нерсе сыртка чыгат. Ким жөнүндө кандай ойлонсоң ал адам сенин дүйнөңдө дал ошондой. Ошондуктан сенин оюңа жараша анын образы түзүлөт жана ошол элестеткениңе окшош адам жаныңда пайда болот. Жек көргөн нерсеңе ар дайым көңүлүң бурулат. Ошон үчүн башкаларга болгон оюңа көңүл бөл. Эркек же аял киши жөнүндө кандай ойлонсоң, дал ошондой аял же эркек менен мамилең болуп, жашаган чөйрөң болот. Ички дүйнө менен сырткы дүйнөң тең салмактуулукта болсо жашооңдо бейкутчулук, ден соолук, барчылык, тынччылык дүйнөсү орнолот… Ар дайым өйдө – ылдый, ак – кара, жаман – жакшы, бар – жок, ж.б.у.с. бар экендигин унутпа. Жашоонун ыңгайына карап пайдалан. Бөлүү,күрөшүүнү өз нугунда пайдаланып, анын чегинен чыкпай кыраакылык менен алдын ала көрө билген көп кырсыктан сактайт. Мээнин оң жарым шары менен сол жарым шарынын активдүү бир калыпта иштөөсүн калыптандыр. Өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алып, өзүңдү күнөөлөгөн сезимдерден арыл.
Ал эми тең салмактуулукту сактоонун бирден бир жөнөкөй жолу: 1. “күрөшүүнү токтот”, 2. “кабыл ал”, 3.”кечир, кечиримдүү бол”4.”окуяны кое бер, бошон” 5. “сүйө бил, мээриңди төк” б.а. “нурдун” денеден бир калыпта өтүшүн камсыз кыл. Денеңе ишенсең, ал өзүн өзү коргоп сактай алат.
Барды бардай, жокту жоктой кабыл ал, “күрөшүүнү” өз ордунда пайдалан. Өзүңдүн жашооңо “ишен”, жок нерсени алуу үчүн, жаратуу үчүн өзүңө өзүң “уруксаат берип”, аны ишке ашыруунун, аткаруунун үстүндө иште. Күрөшүүнү өнүгүү, өсүү, жашоо жолуңа пайдалан. Ооруган, өлөм дегендер – өзүңө өзүң бул сөздөрдү айт : мисалы ________атыңды үн чыгарып айтып – Ооруу да , өлүм да бар нерсе аны кабыл алдым. Ыракмат ыраазымын! Ооруудан, өлүмдөн алган турмуштук тажрыйбама ыракмат. Мен эми, мындан ары ден соолукта болууну чечтим. Жашагым келет. Эми, өзүңө өзүң – “Жаша, жашоо үчүн күрөш! Ден соолукта бол! Денеңдин өзүн өзү калыптандыруусуна ишен!” деп айтсаңар болот. Каны аз, давлениеси өтө төмөн түшкөндөр дагы өзүңө өзүң жашоого уруксаат бер, өзүңдүн сүйүктүү, сүйкүмдүү адам экендигиңди кабыл ал. Мен сүйүүмүн! Мен сүйүүгө татыктуумун! Сүйүү – бул жашоонун энергиясы. Сүйүүнүн энергясы мен аркылуу ар дайым мага жашоо берип, кубантып, ден соолукта жашатып турат.Жаша!Жаша!Жаша! Жашоо үчүн күрөш! – деп айт. Мындай учурда күрөшүү ден соолук, өмүрдү узартуу үчүн пайда келтирет.