Таза ойлор Так сөздөр - страница 98



Эми, өзүңө өзүң суроо берип үйрөн, бул мээнин иштешин активдештирүү үчүн берилген кичинекей көнүгүү. Ал үчүн карама каршы келген сөздөрдү айтуу керек:

ак – кара, жаман – жакшы, согуш – тынчтык, токчулук – ачкачылык, өйдө – төмөн, асман – жер, оң – тескери, бар-жок, күн-түн, бай-кембагал, дос– душман, киреше-чыгаша ж.б.у.с.

Карыз болгусу келбегендер кантип ойонот? Суроо: Мага эмне керек? – “Карыз болбой жашоо керек”.

Бул сүйлөмдүн жыйынтыгы, карызды чакырат. Себеби, адам баласы өз денеси аркылуу ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү менен Ааламга учур чакта коркуу сезими менен “Карыз болбой жашоо керек” деген маалыматты нур аркылуу чагылдырды. “Көңүлү” ошол ойдо туруп калды, айткан адам аркылуу “карыз болбой жашоо керек!” деген кана маалымат Ааламга жөнөтүлдү. Жыйынтыгында карыз болбой жашоонун кана аракетинде болуп, карыз менен күрөшөт. Себеби, ал кантип пайда көрүүнү билбейт. Кантип пайда табуу жөнүндө ойлонбойт. Анын ою, максаты, карыз болбой жашоо кана. “Карыз болбой жашашым керек!”– деген коркуу сезими менен жөнөткөндүктөн, денеси коркуунун алдын ала сактануунун кана нурун Ааламга жөнөттү, эми болгону ушул эле нурдун агымын көбүрөөк өлчөмдө алат жана айлана чөйрөсүндөгү адамдар ошондой мааниде сүйлөй баштайт. Дайыма карыз болбогондун аракетинде болот. Бир карыздын учугун үзсө экинчиси уланат. Маселе чечилген жок. Себеби Ал карыз болбой жашагысы келди.

Эмнени көп ойлоду, сөз кылды? Жообу болгону көп өлчөмдө кайра эле өзүнө кайтып келди. Анын ордуна “Кандай пайда табуунун жолдору бар?” “Мен кантип байып кеттим!” Менин тапкан пайдам кантип чыгашамдан ашып кетти?” – десе мээ ошол сурооого жооп тапмак.

“Карыз болбойм” деген – ойдун каналы , сөздүн каналы эмнеге уланды? Карыз деген сөздүн, ойдун, сезимдин каналына уланды. Кайсыл ой, сөз ооздон чыгып активдештирилди б.а. күчүнө кирди? “Карыз болбойм!” – деген.

Жыйынтыгы эмне болот? Карыз менен күрөшөсүң.

Эмне үчүн? Себеби, учур чак менен “карыз болбойм” деген сөз мейкиндикке трансформация болду. Телефондон эмне деп айтсаң сүйлөшкөн адамың ошол сөздү угат, сенин кандай акыбалыңда экендигиңди денеси менен сезет. Алла Талаага да дал ошондой маалыматты бересиң. Жыйынтыгында сөзүңө, оюңа, сезимиңе жараша жооп келет.

Ал эми “жан дүйнөдө – жок, болбо, болбойт” деген сөз жок. Себеби, адам баласы жаралгандан мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн келген жана учур чакта эмнеге “көңүлүң бурулса” ошол нерсеге уланып тезирээк ишке ашат.

Адам жаны баардык нерсени “болот, бар”– деп түшүнөт, себеби жандын дүйнөсүндө “жок” деген сөз жок. Ал дүйнөдө чек коюу, аралык, убакыт жок, аял– эркек деп бөлүнбөйт. Ошон үчүн кудай адамды өзү сыяктуу жартакан!– деп айтылат. Эркектер бул дүйнөгө мен биринчи жаралганмын, аялды эркектин кабыргасынан жаралган деп ойлосо, аялдар баланы, эркекти ким биринчи төрөгөн? – деп ойлонот. Ошондуктан ар бир адам туулгандан баардык нерсеси бар болуп төрөлгөн, экөбү тең өзгөчө өз алдынча жаралгандыгын кабыл алса аял-эркек отртосундагы теңтайлашуу, биринчиликти талашуу токтомок. Теңчилик, бири-бирин сыйлоо, кабыл алуу өкүм сүрмөк. Аны “БАР, ЖОК”– деп бөлгөн ар бир адамдын “акылы”. Көпчүлүк адам “акылдуу” болгусу келет, акылы менен иштейт, бирок “акылмандуулук” турмуштук тажрыйбаны талап кылат. Акылын угууну жакшы билет, бирок жүрөгүн угууну көпчүлүк адам унутуп баратат.

“Жан” (подсознание) – “карыз болбо” деген сөздү “карыз бол!” – деп түшүнөт да “карыз” деген нурга уланат… Карыздан кутулам деп канчалык умтулсаң да, карыздан кутула албагандыгыңдын бирден бир себеби ошондон. Ошон үчүн ар кандай ишти карызга баштоонун кажети жок. Себеби, карыз менен башталган иш ар дайым карызга уланат. Айрыкча өз алдыңча иш баштаганда ушул жагын эске алган оң. Жакшысы карыздын учугун үзгөн жакшы же мүмкүнчүлүгүң жок болсо, анда “карызмын” деген сезимдин ордуна ал “акчанын ээси менмин”– деген сезим жакшы жардам берет.