Таза ойлор Так сөздөр - страница 90
Денеңден кубаныч, сүйүнүчтү кантип чакырсаң болот?
Албетте, кайра эле өзүңдү жакшы сезген акыбалга келип, “жашооңдун кубанган, сүйүнгөн мезгилин эсте!” ууртуңдан жылмаюу пайда болгонго чейин сезимиңди оңдойсуң. Денени бош таштап көкүрөктө сүйүнүч пайда болгончо сезимиңди жогорулат. Омуртка түздөлүп, өзүңдү боюң узарып, чоңое түшкөндөй сезесиң. Бул акыбал “өзүңдүн толкунуңа, жараткандын толкунуна” кирүү болуп эсептелет. Мындай нерсени тез– тез жасап туруу керек. Жыйынтыгыда, “өзүң менен өзүң гармонияда” жашоого алып келет. Өзүңдү өзүң укканды билгенден кийин, сага башкалардын акылынын, үйрөтүүсүнүн кереги жок экендигине ишенесиң, себеби, идея сага оюң аркылуу жогорку алкактан келип турат. Болгону “күмөнсүрөөнү” токтот. Ал эми, кубанычтуу сезимди ички дүйнөңдөн көтөрүп чыгуу, эмгекти талап кылат. Себеби, сен өзүңө эмес башкаларга ишенип алгансың. Эми ал стереотиптерди мээден өчүрүү керек. Мен мына азыр ушул көз ирмемден баштап, “баардык терс маанидеги мүнөздөрүмдү өз нормасына келтирдим!” Ашыкча капа болуу, таарынуу, кайгыруу, нааразы болуу программалары өчтү. Ордуна жаңы программа киргизилди. Менин мээмде, денемде кубанычтын, сүйүнүчтүн программасына алмашты! Кубаныч, сүйүнүч программасы иштеп жатат! Сезимим жакшырды!
Көпчүлүк адамдар жашы кырктан өткөндөн кийин сүйүнүчүн, кубанычын жоготконун сезет. Канчалык ийгилик болсо да “сүйүнүү, кубануу” кандай болоорун унута баштайт. Ал эми, кээ бири болсо түшүнгөндүн ордуна “мен ага сүйүнбөйм деле”– деп актануу менен өздөрүн өздөрү жооткотот.
Өзүнүн акыбалына маани бергени болсо: “Мурда шайыр элем барган сайын жакшы нерсе болсо дагы сүйүнбөйм го?– деп өзүнө өзү таң калат. Же көнүмүш адатка айлантып, сүйүнгөндүн ордуна башкалардын да сүйүнүчүн талкалоого салым кошот.
Албетте, андай көрүнүштүн туткуну “мен да болгом”. Мен, өзүмө өзүм таң калчумун. Элдер кантип сүйүнөт? А менде эмне үчүн сүйүнүч жок? Аны эмнеге сезбей калдым?– деген суроолор оюма келе берчү.
Мен өзүмдүн сүйүнүчүмдү кайрадан ойготуп, денемден “нурдун агымын” калыптандыруу үчүн көп эле убакыт талап кылынды. Ар кандай сүйүнөөрлүк нерсе болсо да “мен үчүн – баары бир болчу”.
“Мага баары бир, оо дүйнө, бул дүйнө мен үчүн айырмасы жок”– деп айткан күндөрүм көп эле болгон. Ал убакта мага кайсыл жол менен жашоодо бара жатканым белгисиз эле. “Жашоо” деген ушундай эле болот да, деген түшүнүктө болгом. Адамда айлана чөйрөсү кандай шартта жашаса, “жашоо ушундай болот”, деген түшүнүк калыптанат. Ошон үчүн көргөн дүйнөң сен үчүн ыңгайлуудай сезилет.
Менин жашоомо болгон көз карашымды өзгөртүп, изденүүгө түрткү берген – менин “оруум” жана “коркунуч сезимим” болгон. Мурда оорууну жек көрүп, коркуп, капа болгон болсом, азыр ыраазы болуп, ыракмат айтып, сүйөмүн. Себеби, оорубаган болсом, ооруу эмне экенин түшүнмөк эмесмин, коркпосом ордумдан жылмак эмесмин, ошон үчүн баардыгына ыраазымын! Ошентип, ар дайым өткөн жашоомо ыраазылык билдирчү болдум.
“Оорубаган адам, ооруунун кадырын билбейт” деген сөздүн маанисин терең түшүндүм. Ден соолукта жашоого болооруна көзүм жетти.
Көпчүлүк убакта кыялыма дайыма “изден, изден!”– деген сезим келчү. Эми ойлосом, менин “эрким, духум, ишенүү сезимим” – мени жашоого түрткөндүгү мага өтө пайда болду.
Дененин кантип иштээрин, кандайча жашоо куралаарын түшүнбөгөндө, албетте мындай “майда көрүнүштөр – жашоо үчүн эң чоң “байланыш, күнүмдүк жашоону куруучу “кыл тамырлар”, ”нур” тамырлар” экендигин жана “жашоонун маңызын түзүүчү” экендигин билмек эмесмин. Бара– бара эң жөнөкөй, кичинекей нерсеге эч кандай маани берилбеген күнүмдүк жашоо, бул менин эртеңки, келечек жашоом экендигин түшүндүм.